Аскердик бөлүктө катуу сабалып, табарсыгы жарылган жоокердин окуясы: Кылмыш иши токтотулду
RU

Аскердик бөлүктө катуу сабалып, табарсыгы жарылган жоокердин окуясы: Кылмыш иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодское айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө сабалган жоокердин окуясы боюнча кылмыш иши токтотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 8-августта айыпталуучу Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши тараптардын жарашуусу, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруусуна байланыштуу токтоду.

Т.Жаныбек уулу анча оор эмес кылмыш жасаган деп айыпталган. Сот отурумунда жабырлануучу тарап дагы бул кылмыш иши боюнча өндүрүштү элдешүүгө жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу токтотууну суранып, айыпталуучуга эч кандай дооматы жоктугун билдирген. Буга байланыштуу соттун чечими менен козголгон кылмыш иши токтотулду.

Эске салсак, Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, табарсыгы жарылганын жакындары айтып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7857