Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова Ислам оюндарында чемпион болду
RU

Дагы бир алтын! Мээрим Жуманазарова Ислам оюндарында чемпион болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Мээрим Жуманазарова алтын тагынды.

Жуманазарова бүгүн, 13-августта 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Ал Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандын спортчулары менен беттешкен. Финалда Түркмөнстандын өкүлү менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын курама командасы үчүн бешинчи алтын медаль.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7895