"Лжепатриоттор!". Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча талкууларга жооп берди
RU

"Лжепатриоттор!". Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча талкууларга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча талкууларга жооп берди. Айтымында, азырынча Жетим-Тоо иштетилбейт.

Жакындан бери социалдык түйүндөрдү карасам Жетим-Тоону "коргогучтар" болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн "баатыр" көрсөтүп, элди "көтөрүлгүлө" деп чакырык жасап жатышыптыр. Ушундан улам элге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм.

Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо "эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коёт" деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок.

Садыр Жапаров айрым жарандарга кайрылып, элдин башын айлантканды токтотууга чакырды.

Эгер Жетим-Тоону ишке кирсе 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз. Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок.

Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коёлу деп Кыргызгеология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат.

Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет. Анан эле өздөрүн "баатыр" көрсөткүсү келип, "Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз" деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле.

Эч нерсе боло электе билип-билбей, "Жетим-Тоону берип атышат" деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула. Айтпаса, адамдын жанын кашайтасыңар да.

Президенттин айтымында, азыр билип-билбей элдин башын айлантып жаткандар мурда бийликтин чоң бутагында отурган. Алар Кумтөргө күйүп-бышкан эмес дейт.

Кумтөр кетип жатканда силер бийликтин эң чоң бутагы, мамлекеттин коопсуздугуна жооп берчү бийликтин башында олтургансыңар. Ошондо да Кумтөрдү кайра алмак түгүл, бир доллар айып төлөтө алган эмесиңер.

Азыр Кумтөр жүз пайыз өз элибизге өтүп, өмүрү эмгек акыга жарыбаган мамлекеттик кызматкерлерибиз жыргап олтурушат. Жолдор оңдолуп жатат. Мектептер салынып жатат. Дагы кандай иштер жүрүп жатканын силер көрбөй жатсаңар, жалпы эл көрүп турат. Эгер Жетим-Тоону иштетсек, мындан бетер эмгек акылар көбөйөт, экинчи Кумтөр болот, ошол эле Нарын облусунун, ошол эле Жетим-Тоонун тегерегинде жашаган элдердин турмушу оңолот. Инфрастуктурасы оңолуп, керек болсо, айылдарынын ичине чейин асфальт басылат. Бирок дагы бир жолу кайталап коёюн, Жетим-Тоону иштетебизби, жокпу, азырынча чечим кабыл алына элек. Иштете турган болсок эл менен макулдашып, анан 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Эл жок десе, анда жок.

Бирок бир нерсени унутпагыла. "Алма быш – оозума түш, мени бекер эле "суф" деп байытып, турмушумду оңдоп жибер" деп жата берсек, асмандан бирөө каражат бербейт. Мектептер салынбайт. Жолдор оңдолбойт. Эмгек акылар көтөрүлбөйт. Инфраструктураларыбыз оңолбойт. Кыскасы, өнүкпөйбүз. Бир нерсе кылайын десек эле "муну кылба, тигини кылба, туризм менен эле өнүгөбүз" деп чыгышат. Туризмди өнүктүрөйүн десең "баланча өлкөнүн кишилери басып кетти, кокуй киргизбегиле" деп чыгышат. Деги биздин элге "эмне жагат?" деген суроо бергиң келет.

Садыр Жапаров президент болуп турган убакта Кумтөр, Жетим-Тоо жана башка ушул сыяктуу ири кендер эч кимге берилбей турганын айтат.

Ошондуктан өздөрүн "баатыр" көрсөткүсү келип жаткан "лжепатриоттор!", Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла.

Садыр Жапаров тартип сактоо органдарына "лжепатриотторду" тартипке чакыруу иштерин алып барууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7900