Унаасынан граната табылган ишкер: Эркимди, духумду алып коюшуңар мүмкүн бирок...
RU

Унаасынан граната табылган ишкер: Эркимди, духумду алып коюшуңар мүмкүн бирок...

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Asia Mall соода борборуна барган ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынын астынан граната табылган. Муну ишкер өзү журналисттерге билдирген. Ал милицияга сурак берип чыккандан кийин мындай кол салуу Жетим-Тоону казууга каршы пикирин билдиргени менен байланыштырды.

"Мен Жетим-Тоо маселесин көтөрүп, коррупциялык схмеаларды айткандан бери мага кысымдар болуп, УКМК териштирип, кемчилик, илинчек издешти. Бизнесиме кысым жасашты. Канча ирет видео кайрылуу жасадым, Башкы прокуратура бирөөнө да реакция кылган жок. Коррупциялык схемаларды алып чыксам Айыл чарба министрлиги мыйзам чегинде иш алып барган жок", - деди ал.

Ал эми унаасынан табылган граната 35-50 метрге чейинки аймакты талкалай турганын айтып буларга токтолду.

"Айрымдар өзүнө-өзү уюштурду деп жатышат. Мен гранатаны унаама байлап алып, ага 6 жашар кызымды салып алып, Кара-Балта - Бишкек жолунда ээн-эркин жүрмөк белем? Өзүмдүн, жакындарымдын, айдоочумдун өмүрүн тобокелге салмак белем? Бул унааны эртең мененки саат 9дан бери айдап жүрдүм. Күнөөнү моюнга алгандын ордуна ар кандай пикирлерди айтканды токтоткула! Ойлобогула, Жетим-Тоо боюнча токтоп калат деп, аягына чейин күрөшөм. Менин эркиндигимди, жашоомду, духумду алып коюшуңар мүмкүн. Бирок колдоону ала албайсыңар", - дейт.

Эскерте кетсек, 11-августта Asia Mall соода борбору курчоого алынып, ичиндегилер эвакуация болгон. Кийинчерээк аталган борборго барган ишкердин унаасынын астынан граната табылганы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7883