Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө иштери токтотулду
RU

Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө иштери токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жашар Айша Мурдинованы издөө иштери токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Kaktus.kg сайтына кабарлашкандай, Айша Мурдинова 24 күн бою изделип, жыйынтык болгон жок.

Министрликтен куткаруу-издөө иштеринин жобосуна ылайык, адамды издөө иштери 20-күнү токтотуларын белгилешет.

"ӨКМнын куткрауучулары, суучулдары 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү. Тилекке каршы, кызды табууга мүмкүн болгон жок. Бардык куткаруучу, суучулдар бул аралыкта издөө иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүштү. Издөө иштери алгачкы 5 күндө активдүү фаза боюнча таңкы саат 05:00дөн 22:00гө чейин улантылып жатты. Экинчи фазада да суучулдар 20 метрден ашык тереңдикке кирип, көп сандагы куткаруу топтору тартылып, көлдүн бетинде, тереңдигинде жана жээкте издөө иштери жүргүзүштү, бирок бул эч кандай жыйынтык берген жок ", - дешти мекемеден.

Эске салсак, 18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы "жапайы пляждан" 2018-жылы туулган кичине кыз толкун болуп жаткан учурда көлгө чөгүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7908