Ошто мас абалдагы киши шеригине бычак сайып жиберген
RU

Ошто мас абалдагы киши шеригине бычак сайып жиберген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталып, шектүү колго түшүрүлдү. Аталган шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, маркум менен шектүү чогуу ичимдик ичишкен.

Окуя 12-августта орун алган. Анда мурдатан тааныш болгон 1964-жылы туулган И.К. менен 1961-жылы туулган Ө.А. "Винт" бильярд клубунда жолугушуп, ичимдик ичишкен. Бильярд клубунан чыккандан кийин алар Ө.А`нын үйүнө барышып ичимдик ичүүнү улантышкан. Андан соӊ көчөгө чыгышып өз ара чырдашып, мушташып кетишкен. Ө.А. унаасынан бычак алып чыгып И.К.`нын сол жак көкүрөгүнө сайып жиберген.

Жабырлануучу Ош шаардык "Тез жардам" кызматы тарабынан саат 23:30 чамасында Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал көп кан жоготуп, эсине келбей каза болгон.

Кылмышка шектүү катары 14-август күнү эртеӊ менен саат 05:00 чамасында маркумдун таанышы Ө.А. кармалды. Кармалган жаран маркум менен урушуп жатып кармана албай кеткенин, унаасындагы бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүгө карата 122-беренеге (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7921