Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал кайра министр боло алат
RU

Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал кайра министр боло алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында Бейшеналиевдин жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш кыскартылды. Тергөө ушундай тыянакка келгенин себеби, COVID-19га каршы вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер Жогорку Кеңеши менен макулдашылып, министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынгандыгы, ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилбегени, бүгүнкү күндө республиканын калкы COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалгандыгы негиз болду.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн коронавируска каршы вакциналарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо долбоорунун алкагында 2021-жылы өкмөттөн жумшалган чыгымдар Дүйнөлүк банк тарабынан 13 миллион 454 миң доллар өлчөмүндө орду толтурулган.

Муну менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматына келүүгө толук укуктуу.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратурасы тарабынан кармалган. Ага карата жети кылмыш иши тергелген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7941