Кыргызстан кылмыштуулук боюнча дүйнөнүн 50 өлкөсүнө кирди
RU

Кыргызстан кылмыштуулук боюнча дүйнөнүн 50 өлкөсүнө кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан кылмыштуулуктун орточо индекси боюнча дүйнөнүн алдыңкы 50 өлкөсүнө кирет. Мындай статистикалык маалыматты Numbeo порталы жарыялаган.

Андагы изилдөөгө караганда, Кыргызстан 36-орунда жайгашып, кылмыштуулук индекси 55,88 сандары менен көрсөтүлгөн. 142 өлкөнүн рейтингинде Казакстан 42-орунда турат. Статистика көрсөткөндөй, Венесуэла, Жаңы Гвинея жана Афганистан өлкөлөрүндө кылмыштуулук эң жогорку чекте, ал эми Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Тайванда эң төмөнкү деңгээлде

Кылмыштуулуктун деңгээли кылмыштуулуктун индексине баа берүүнүн негизинде эсептелет. Тагыраак айтканда, 0дөн 19,99га чейинки индекс - өтө төмөн, 20дан 39,99га чейин – төмөн, 40тан 59,99га чейин – орточо, 60тан 79,99га чейин – жогорку, 80 жана андан жогору - абдан жогору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7948