Министр өлкөдө адам өлтүрүү, зордуктоо фактыларынын саны кыскарганын айтты
RU

Министр өлкөдө адам өлтүрүү, зордуктоо фактыларынын саны кыскарганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 18-июлда 1-жарым жылдыктагы отчёттук жумалыгынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушту.

Анда министр өлкөдө жалпы кылмыштуулук 47 пайызга азайганын белгиледи.

Өткөн жылдын 6 айында 43 миң 159, 2022-жылдын ушул мезгилинде 22 миң 634 кылмыш катталып, 2021-жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны 20 миң 525ке азайган.

Ачылган кылмыштар 2421ге же 19 пайызга көп. 2021-жылы 12 миң 428 кылмыштын бети ачылса, 2022-жылы 14 миң 849 кылмыш ачылган. 9891 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн, бул 423 кылмыш ишине же 4,5 пайызга көп (2021-жылы 9 миң 468 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн).

Министр оор жана өзгөчө оор кылмыштардын көрсөткүчтөрү 30 пайызга, адам өлтүрүү 6 пайызга, зордуктоо 45 пайызга, опузалоо 63 пайызга, алдамчылык 25 пайызга, унаа уурдоо 26 пайызга, уурулук 39 пайызга азайган деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7567