Алымкадыр Бейшеналиев кызматына кайра келеби? Президенттик аппараттын жообу
RU

Алымкадыр Бейшеналиев кызматына кайра келеби? Президенттик аппараттын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон иши токтотулуп, ал кызматка кайрадан киришүүгө даяр экенин Kaktus.media`га билдирген. Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттыкты сактоо министри кызматына кайра келиши мүмкүндүгү боюнча комментарий берди.

"Бул маселе боюнча кийинки аптада чечим кабыл алынышы ыктымал", - деди Султанбаев.

Эске салсак, президент министрлер кабинети тарабынан дайындоону жактырып же четке кага алат.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага карата жети кылмыш иши тергелген. Козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан 16-августта токтотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7950