Атамбаев менен Бакиевдин үйлөрү балдар үчүн реаблитациялык борбор болот
RU

Атамбаев менен Бакиевдин үйлөрү балдар үчүн реаблитациялык борбор болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин үйлөрү эми балдар үчүн реаблитациялык борбор болот. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришиет.

Мекемеден Кыргызстанда майыптыгы бар 200 миң адам бар болсо, анын 35 миңи 18 жашка чейинки балдар дешет.

Учурда өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бардык жарандарга реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүдө кыйынчылыктар бар. Ошондуктан экс-президенттер Курманбек Бакиевдин (Жибек-Жолу проспектиси 519 жана 521 даректеринде жайгашкан үйлөрү) жана Алмазбек Атамбаевдин (Кой-Таш айылында жайгашкан үйү) мамлекеттик менчикке өткөн үйлөрүнүн имаратында күнү-түнү иштеген балдардын реабилитациялык борборлору ишке кирет. Учурда курулуш иштери башталды.

Бул эки борбор ишке кирсе нерв системасынан жабыркаган, психикалык жана жүрүм-туруму бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат. Кичинекей бейтаптар физикалык жана психологиялык ден соолугун калыбына келтиришет.

Буга чейин ырчы Анжелика Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал оорусу менен жабыркаган балдарга берүүнү Садыр Жапаровдон суранган. Кийинчерээк министр Кудайберген Базарбаев ырчыны кабыл алып, реаблитациялык борборлордун долбоору менен тааныштырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7955