"Бул буюртма". Атамбаевдин үйүн балдарга берүүнү суранган Анжеликаны министр кабыл алды
RU

"Бул буюртма". Атамбаевдин үйүн балдарга берүүнү суранган Анжеликаны министр кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин ырчы Анжелика абактагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн шал оорусу менен жабыркаган балдарга реаблитациялык борбор катары берүүсүн Садыр Жапаровдон суранган.

Ырчынын кайрылуусу көз жаздымда калган жок. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 15-августта ырчыны кабыл алып, мурдагы президенттер Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге таандык жер тилкелерине балдар үчүн реаблитациялык борбор куруларын, долбоор даяр экенин билдирген. Бул туурасында Анжелика социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Акыркы күндөрү ДЦП менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин өтүнүчү боюнча жасаган кайрылуум көп талкууга түштү. Анда Атамбаевдин уулу, тарапташтары жана адвокаты тарабынан дагы ыплас сөздөрдү уктум. Андай жагымсыз жооп берүүлөрүнө териккен жокмун. Себеби, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдыры алардын кемсинтүүсүнөн маанилүү, балдар үчүн чыдап коём. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин кабыл алуусунда болуп, социалдык жактан коргоого алына турган жарандар тууралуу сүйлөштүк", - дейт ал.

Ал арада Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев бул алдын ала сүйлөшүлгөн маселе деп билет. Айтымында, ырчы бул жерде курал болуп берди.

"Ачык-айкын эле көрүнүп турат, ырчынын буга чейинки кайрылуусу алдын ала сүйлөшүлгөн. Тагыраак айтканда, бул буюртма (кимдин буюртмасы экенин так билбейм) болгон. Болбосо министр Кудайберген Базарбаев 2 күндөн кийин эле бул аялды кабыл алып, реаблитациялык борборлордун даяр долбоорун көрсөтө коймок эмес.

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү Батукаев ишин шылтоо кылып туруп толук мыйзамсыз кагаз түрүндө тартып алынды. Муну судьялар да, прокурор жана тергөөчүлөр да эң сонун түшүнүшөт жана билишет. Азыр Анжелика аркылуу "Атамбаевдин үйү жөн эле жатат, андан көрө балдардын пайдасына иштесин, реабилитация борбору болсун" деген сөздөр тарап жатат. Бул мыйзамсыздык чоң ызы-чууга алып келиши мүмкүн, экинчи Кой-Таш окуясы болуп кетпесин",- деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7925