Төрөттөн кийин сүйлөбөй, баспай калган келиндин окуясы. Акыйкатчы министрге талап койду
RU

Төрөттөн кийин сүйлөбөй, баспай калган келиндин окуясы. Акыйкатчы министрге талап койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29 жаштагы келин төрөттөн кийин сүйлөбөй, өз алдынча баса албай калган. Анын жакындары буга медицина кызматкерлери күнөөлүү дешет. Бул туурасында Акыйкатчы институту кабарлап, саламаттыкты сактоо министринен күнөөлүү дарыгерлерди жоопкерчиликке тартууну талап кылат.

Акыйкатчыга Т.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 1993-жылы туулган кызы 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык №4 перинаталдык борборуна кан басымы жогору болуп кайрылганын айткан.

Ошол күнү нөөмөттө турган дарыгерлер көңүл кош мамиле жасап, бейтапка төрөттү чакыруучу дарыларды ичирген. Анын кесепетинен келиндин абалы оорлошуп ымыркайды ара төрөп, өзү реанимацияга түшүп калган. Ошол күндөн ушул убакытка чейин келиндин абалы оор бойдон калууда. Азыркы убакта ал сүйлөбөйт, баса албайт, өзү тамак иче албайт, атасы көтөрүп дааратканага алып барат.

Жабырлануучу тараптын айтымында, дарыгерлер жоопкерчиликтен качуу максатында келиндин өнөкөт оорулары козголду деп туура эмес маалымат беришкен. Учурда келиндин ата-энеси болгон каражатына дарыларды алып, батирде жашап келет.

"Арыз ээси бул маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган, бирок алардын берген жообуна нааразычылыгын билдирди. Акыйкатчы саламаттык сактоо министрине бул иш боюнча обьективдүү, жыйынтыктуу иликтөө жүргүзүп, жарандын майып болуу себебин аныктап, тиешелүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен жабыркаган келиндин реабилитация иш-чарасын камсыз кылуусун талап кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7965