Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди
RU

Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берди. Бул боюнча өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, кендин айланасында комментарий берди.

Айтымында, президент ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин "жол салынып, жаратылыш талкаланып жатат" деген үнүн уккан.

"Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган.

Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбасатан Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат", - дейт ал.

Солтон-Сары кени Нарын облусундагы Бучук, Ак-Таш, Алтын-Төр участкаларында жайгашкан. Кендеги алтындын жалпы болжолдуу запасы 20 тоннага жакын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7976