Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды. Видео
RU

Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2 айга камакка алынган Ырыс Жекшеналиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул туурасында "Башта" Telegram каналы видео жарыялады.

Анда бөлмөнүн ичиндеги буюм-тайымдар чачылганын көрүүгө болот. Видеонун автору тинтүү 18-августта саат 18:20да болгонун айтат.

Белгилесек, Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон.

Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 16-августта 2 айга СИЗОго камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7977