Жалооруткан сүрөт. Ырыс Жекшеналиевди апасы уулу отурган унаанын алдын тосту
RU

Жалооруткан сүрөт. Ырыс Жекшеналиевди апасы уулу отурган унаанын алдын тосту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Ырыс Жекшеналиев 16-августта сот тарабынан 2 айга СИЗОго камакка алынды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Соттун чечиминен кийин Ырыс Жекшеналиевдин апасы блогер отурган унаанын алдын тосту. Ал баласы СИЗОго жөнөтүлгөнгө чейин аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү гана суранган. Унаанын алдын тосуп турган эненин суранычы канааттандырылбай, ыкчам кызматкерлер Ырыс Жекшеналиевди алып кетип калышты.

Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7949