Аскер институтунда каза болгон жоокердин өлүмү боюнча шектүү кармалды
RU

Аскер институтунда каза болгон жоокердин өлүмү боюнча шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги аскердик институтта каза болгон 19 жаштагы жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Атап айтканда, учурда "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" жана "Күзөт кызматынын эрежелерин бузуу" беренелери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, козголгон кылмыш иштин алкагында өткөн түнү кылмышка шектүү катары Аскер институтунун прапорщиги, кароолдун башчысы кармалды.

Эске сала кетсек, 18-август күнү саат 22:10 чамасында Аскердик институттун окуу процессин камсыздоо батальонунун жоокери кароолдо турганда өзүн атып каза болгону маалымдалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7999