Аскер институтунда жоокер октон каза тапты
RU

Аскер институтунда жоокер октон каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскер институтунда жоокер октон каза тапты. Бул туурасында Коргоо министрлиги кабарлайт.

Мекеменин маалыматына караганда, 18-августта саат 22:10 чамасында 19 жаштагы С.Ч. аттуу аскер нөөмөттө турганда кокусунан өзүн атып алган. Ал Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

Учурда кызматтык иликтөө башталып, Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Өздүк булактардын айтымы боюнча, маркум октябрь айында кызматын өтөп бүтмөк.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7982