Аялын өлтүргөнгө шектелген милициянын кайын журту окуянын чоо-жайын айтышты. Видео
RU

Аялын өлтүргөнгө шектелген милициянын кайын журту окуянын чоо-жайын айтышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта жол кайгуул кызматкери Жоомарт (Ж.А.К. аты-жөнү өзгөртүлдү) аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Учурда тергөөчүлөр жана сот шектүүнүн ишин кароону атайылап создуктуруп жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына маркумдун жакындары билдиришти.

Айтымдарында, адам өлтүрүү фактысы боюнча бардык далилдер бар болсо дагы 8 айдан бери укук коргоо органдары күнөөлүүнү мыйзам чегинде жазалабай жатат.

Окуянын чоо-жайын каза болгон келиндин жакындары төмөндөгүдөй айтып беришти.

28-декабрда Айнура (аты өзгөртүлдү) МАИ инспекторлорунун аялдары менен бирге корпоративге барып, майрам кечки саат 21:30га жакын аяктаган. Андан кийин ал эки курбусу – инспекторлордун аялдары менен 8 жаштагы улуу баласын алып кетүү үчүн кайненесиникине жөнөшкөн. Ал жерден баласын алып, курбуларынын биринин үйүнө барган. Ошентип саат 23:30дар чамасында ал жактан чыгып, жолдон курбусун үйүнө таштаган. Үйгө келгенде аны күйөөсү Жоомарт короодон тосуп алып, сабап кирген. Сабап жаткан учур камерага жазылыган. Алгач колу менен катуу уруп, анан жыгылганда буту менен тепкен. Ур-токмоктон кийин Айнура ордунан туруп үйгө кирген.

"Бул окуядан кийин Жоомарт жубайынын эжесине телефон чалып, Айнура үйгө эрте келип мешке от жакпаганын, кеч келгенин, мындан улам аны сабап салганын айткан. Айнуранын эжеси жаңы жылдан кийин келерин билдирип, сиңдиси менен сүйлөштүрүп коюуну суранган. Жоомарт ал мас болгондуктан сүйлөшө албайт деген. Эртеси мессенджерди караса абонент жакында тармакка киргенин көрүп, Айнура күйөөсү менен жарашкан окшойт деген ойдо болгон. Бирок кечки тамакка жакын ага Айнуранын сөөгү өлүкканага жеткирилгенин айтышкан", - дешти туугандары. Ошондой эле 10 жылдан ашык чогуу жашап келе жаткан түгөйлөр буга чейин бир да жолу урушуп, талашпаганын кошумчалашат.

Видеодон көрүнүп тургандай, ошол эле түнү саат 02:00 чамасында Жоомарттын үч досу (алар да МАИнин инспекторлору) келишкен. Алардын бири жубайы менен келген (Айнура үйүнө таштап кеткен келин).

"Алар ал жерде эмне кылып жүрүшкөн, эмне үчүн "Тез жардам" чакырышкан эмес? Эртең менен келген соттук-медициналык эксперттер үйдөн кандын изин табышкан эмес, ал эми түнү менен келген төртөө окшош көрсөтмө беришкен. Бир нече саат бою эмне кылышты? Издерин жууп кеттиби? Ошол эле учурда түнү менен үйгө келген досторунун эч кимиси жоопкерчиликке тартылган эмес" - дейт жабырлануучу тарап.

Туугандарынын биринин айтымында, соттук-медициналык экспертиза маркумдун боору жарылган, мээсине кан куюлуп, кабыргалары сынып, денесинде көгала тактар бар деген бүтүм чыгарган. Бирок маркумдун сүрөттөрүнө караганда денеде бир тамчы кан жок.

Жоомарттын достору таңкы саат 04:00 чамасында кетишкен, бир сааттан кийин Айнура каза болгон.

"Тез жардам" чакырса тирүү калмак экен. Айнура үзүлөр алдында тун баласы жанында болгон. Ал башка дүйнөгө кетерин айтыптыр. Кийин Жоомарт дагы баласына апасынын жүрөгү токтоп калганын билдирген. Бүгүнкү күндө балдар Айнуранын ата-энеси менен жашайт".

Учурда бул иш боюнча Талас шаардык сотунда процесс жүрүп жатат. Бирок бардык далилдер бар болгону менен иш атайылап созулуп жатканын белгилешүүдө жакындары. Алар күбөлөрдү сот процессине мажбурлап алып келишсе болот дешет. Акыркы жолу айыпталуучунун ичи ооруп сотко алып келишкен эмес. Кийинчерээк анын курч гастрит менен ооруганы маалым болгон.

"Азыр Жоомарттын туугандары Айнуранын бир жигит менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, коркутуп жатышат. Сыягы, ал аны менен алты жыл жүрүптүр. Бул жөн эле жалаа, алты жылда күйөөсү байкабайт беле? Туугандары тосмо арыз жазуубузду талап кылышып, болбосо Айнуранын белгисиз жигит менен түшкөн сүрөтүн чыгарарын айтышты. Андай болсо да, бул аны өлтүрүүгө себеп эмес, күйөөсү жөн эле ажырашып кетиши керек болчу. Биз тосмо арыз жазгыбыз келбейт, жөн гана мыйзам чегинде жазалоону талап кылабыз", - дейт маркумдун тууганы.

Окуя 2021-жылы 29-декабрда болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Талас ОИИБнин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү материалдар 18-майда соттун кароосуна жиберилген. Облустук соттон ишти кароо күбөлөрдүн келбей жатканына байланыштуу жылдырлганын билдиршет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7978