Россиядага маркум 14 кыргызстандыкты сүзүп кеткен фуранын айдоочусу да каза болду
RU

Россиядага маркум 14 кыргызстандыкты сүзүп кеткен фуранын айдоочусу да каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядага маркум 14 кыргызстандыкты сүзүп кеткен фуранын айдоочусу да каза болду. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Аймактык милициянын маалыматына караганда оор жүк ташуучу унааны токтото албай калып, маршрутканы сүзүп кеткен айдоочу өзү да каза болду.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-августта, Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаанын артында токтоп турган маршрутканы дагы бир оор жүк ташуучу унаа келип сүзүп кеткен. Эки чоң транспорттун ортосунда калган маршрутка талкаланып, ичиндеги 14 кыргызстандык каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8010