"Үмүт жана Ко" ишканасынын жетекчиси СИЗОго киргизилди
RU

"Үмүт жана Ко" ишканасынын жетекчиси СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курал-жарак, ок-жары, жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөн деген шек менен кармалган "Үмүт жана Ко" ишканасынын жетекчиси СИЗОго киргизилди. Маалыматты Kaktus.media`га Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, 20-августта Биринчи Май райондук соту Абдуллаевдин кармалышын мыйзамдуу деп таап, 19-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, 19-августта "Үмүт жана Ко" компаниясынын ээси УКМК тарабынан кармалган. Тинтүү ишинин жүрүшүндө иш бөлмөсүнөн жана жана жашаган жеринен брондолгон чалгындоо жана күзөт унаасы, курал-жарактар, көптөгөн ок-дарылар, жардыруучу зат жана акча каражаты табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8011