Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси кармалды
RU

Сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ок атуучу куралдарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөн делинип "Үмүт жана Ко" компаниясынын ээси кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиргендей, А.Ж.Т. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү ишинин жүрүшүндө иш бөлмөсүнөн жана жана жашаган жеринен брондолгон чалгындоо жана күзөт унаасы, курал-жарактар, көптөгөн ок-дарылар, жардыруучу зат жана акча каражаты табылган.

УКМКдан кошумчалашкандай, ишкер күнүмдүк жашоодо аскердик форманы (камуфляж) кийип, агрессияга жакын болгондугу курал-жарактарды сатып алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткү болгон.

Бул факты 267-берененин 3-бөлүгүндө (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын негизинде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Кармалган ишкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7983