822 миллион сом. Ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн миллиондогон акчалар табылды
RU

822 миллион сом. Ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн миллиондогон акчалар табылды

Все самое интересное в Telegram

Жеке ишкер Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ири суммадагы акча каражаттары табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашат.

Комитеттен билдиришкендей, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында "Үмүт жана Ко" компаниясынын ээси Журат Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган.

Алынган каражаттар:

  • 7 миллион 354 миң 475 доллар;
  • 209 миллион 164 миң 100 сом;
  • 100 миң 960 евро
  • 1 миллион 55 миң 900 рубль;
  • 155 дирхам.

"Алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар. Маалыматтарга караганда, учурда "Үмүт жана Ко" ишканасынын салык органдарына 10 миллион сомдон ашык карызы бар. Ошону менен бирге тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, "Үмүт жана Ко" компаниясынын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат", - дешти маалымат кызматтан.

Белгилей кетсек, 19-августта сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" компаниясынын ээси УКМК тарабынан кармалган. Тинтүү ишинин жүрүшүндө иш бөлмөсүнөн жана жана жашаган жеринен брондолгон чалгындоо жана күзөт унаасы, курал-жарактар, көптөгөн ок-дарылар, жардыруучу зат жана акча каражаты табылган. Биринчи Май райондук соттун чечими менен ишкер 2 пйга СИЗОго киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8022