Элчилик Россияда жабыркагандардын абалын айтты. Видео
RU

Элчилик Россияда жабыркагандардын абалын айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жабыркаган кыргыз жарандары Ульяновск облустук ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жапа чеккендердин абалы тууралуу кабарлады.

"Жабыр тарткан жарандардын абалы оор болгонуна карабастан жакшы жакка жылыш бар. 22-августта Ульяновск облусунун губернатору аталган факт боюнча жолугушуу уюштурган. ал эми элчиликтин кызматкерлери каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тийиштүү органдар менен тыгыз байланышып, иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп маалымдады ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 21-августта, Россиянын Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаанын артында токтоп турган маршрутканы дагы бир оор жүк ташуучу унаа келип сүзүп кеткен. Эки чоң транспорттун ортосунда калган маршрутка талкаланып, ичиндеги 14 кыргызстандык каза болгон. Учурда маркумдардын өздүгү такталып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8023