Баткенде сейфтен 1 жарым миллион сом уурдоого аракет кылган шериктер кармалды
RU

Баткенде сейфтен 1 жарым миллион сом уурдоого аракет кылган шериктер кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде ири суммадагы акча уурдоого аракет кылгандар колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, шектүүлөрдүн бири үй ээсин муунткан.

Окуя 3-августта таңкы саат 04:30 чамасында катталган. Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз адамдар кирип темир сейфти ачууга жана ичиндеги 1 500 000 сомду уурдоого аракет жасаганын айткан. Бул учурда арыздануучунун атасы ойгонуп кетип, сейфти сыртка алып чыгып бараткандарды токтотууга аракет кылган. Бул учурда уурулук кылгандардын бири каршылык көрсөткөн кишини муунткан. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандардын бири Кара-Балта шаарынын 43 жаштагы тургуну Э.Ж. жана Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунун 45 жаштагы Д.А. аттуу жашоочусу экени такталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8042