"Айдоочу кырсыкка чейин эле көз жумган". Россиядагы трагедиянын негизги себеби айтылды
RU

"Айдоочу кырсыкка чейин эле көз жумган". Россиядагы трагедиянын негизги себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы 14 кыргызстандыктын өлүмүнө себепкер айдоочу маркумдарды сүзүп кеткенге чейин эле көз жумган. Бул тууралуу россиялык басылмалар облустун губернатору Алексей Русскихке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Губернатордун айтымында, күнөөкөр делген айдоочунун жүрөгү кармап калып, кырсык болгонго чейин эле көз жумган. Бирок бул алдын ала айтылган гана маалымат.

Ушул окуядан кийин губернатор унаалардын айдоочуларынын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн кошумча системаны киргизүү керек деген оюн айткан.

Эске салсак, бүгүн, 23-август Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.Тиешелүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми бүгүн, Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгү Ош аэропортуна жеткирилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8046