Бүгүн Россияда каза болгондордун сөөгү Ошко жеткирилет
RU

Бүгүн Россияда каза болгондордун сөөгү Ошко жеткирилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-августта КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев баштаган атайын топ Ош шаарынан учуп кетет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын тобу Россия Федерациясынын аймагындагы кырсыктан каза болгон 14 мекендешибиздин сөөгүн алып келет.

Атайын куткаруу тобу шаардын аэропортуна Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та конот.

Саат 12:10до жүктөрдү жүктөө жана Ульяновскиден Кыргызстанга учуу башталат.

Кыргызстан убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгондордун сөөгү Ош аэропортуна жеткирилет.

Мекендештерибиздин сөөгүн кичи мекенине жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 14 киши каза таап, үч мекендешибиз жабыркаган. Алар ар кандай жаракаттар менен Ульянов районунун Николаев райондук борбордук ооруканасына жеткирилген.

Эки жаран жалпы палатага чыгарылып, бирөө реанимацияда.

Эске салсак, кырсык 21-августта болгон. Ал эми бүгүн, 23-август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8029