Россиядагы кырсык. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон берилет
RU

Россиядагы кырсык. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 300 миң сомдон берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында 14 кыргыз жараны каза таап, дагы 3 мекендешибиз жабыркаган. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга президенттин атайын фондунан 300 миң сомдон каражат бөлүнөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Бүгүн, 23-август аза күтүү күнү болуп, бардык жерде мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Телеканалдардагы, радиолордогу көңүл ачуучу, оюн-зоок програмалары токтотулду. Президенттин тапшырмасынын негизинде каза болгон мекендештердин сөөгү алынып келди. Азыр атайын унаалар менен 3 облуска (Баткенге 5, Жалал-Абадга 4, Ошко 5 адам) каза болгондор жеткирилет. Андан сырткары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө президенттин фондунан 300 миң сомдон бөлүндү. Ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер жоготууга учураган ар бир үй-бүлөгө барып дагы кандай жардам керек болсо тиешелүү көмөк көрсөтүшөт", - деди ал.

Бакыт Төрөбаев учурда ооруканада жаткан 3 мекендешке дагы 300 миң сомдон берилерин кошумчалады.

Бүгүн, 23-августта каза болгондордун сөөгү атайын учак менен Ош шаарына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8048