14 кыргызстандыктын сөөгү жүктөлгөн учак Ошко конду. Сүрөт
RU

14 кыргызстандыктын сөөгү жүктөлгөн учак Ошко конду. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү жүктөлгөн учак Ош шаарындагы аэропортко конду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, "Жүк-200" салынган атайын борт аба майданга саат 17:25да конду. Учурда каза болгон жарандардын сөөктөрүн кичи мекенине жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, атайын учак Бишкек убактысы боюнча саат 11:10дө Кыргызстанга учуп чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8047