Россияда кырсыкта каза болгон сузактык кишинин жубайы: "Сенден ыраазымын" деп жазган"
RU

Россияда кырсыкта каза болгон сузактык кишинин жубайы: "Сенден ыраазымын" деп жазган"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Ульяновск шаарында катталган кырсыкта каза тапкандардын бири 47 жаштагы Азиз Каныбек уулу болгон. Ал үй-бүлөсү менен 15 жылдан ашуун миграцияда жүргөнүн, артында жубайы, кыздары жана уулу калганын Азаттык үналгысы билдирет.

Маркумдун жубайы Чынара Жаныбекова каргашалуу күн тууралуу Азаттыкка буларды айтып берди.

"Кирди-чыкты кагазын алуу үчүн Казакстанга шашып кеткен. Ошол күнү жумушуна барбай эс алган. Нан да ооз тийбестен чыккан. "Кечигип калам, дарегин таап барганча кеч болуп кетет" деп кеткен да... Барбай эле койчу, жөнөткүм келбей жатат деп жакшы эле какшадым. Кызыбызды жакында эле турмушка узатып, той бергенбиз. Ошондо кучактап алып ыйлаган "балдарым бойго жетип калды, ушулардын жакшылыгын көрөлү" деген. Кызыбыздын тоюнан 2 күн өткөндөн кийин мага "мен сенден ыраазымын, барыма, жогума чыдадың" деп СМС билдирүү жиберди. Ошондо эле билип калган экен да", - деп боздоду.

Ал эми Азиз Каныбек уулунун апасы Курманбү Кулунбетова баласын 3 жылдан бери көргөн эмес. Каргашалуу окуянын видеосун интернеттен көрөр замат эле уулуна жазган.

"Балам аман бекен деп чалып, жазып жаттым. Жооп бербей, окубай да жатты. Көрсө балам ошондо эле тынчып калган экен. Эч кимдин башына мындайды салбасын", - дейт эне.

Кечээ, 23-августта каза болгондордун сөөгү атайын учак менен Ош шаарына алынып келди. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн Жыгач-Коргон айылына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8056