Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленет. Оюн-зоок, концерттердин программасы
RU

Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленет. Оюн-зоок, концерттердин программасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт. Борбор калаа башкармалыгы 31-августта орун ала турган иш-чаралардын программасын жарыялады.

Ага ылайык, башкы концерт саат 19:30да Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтөт.

Ден соолук сейил багында

  • Саат 16:00-19:00 - райондун балдары үчүн спорттун 5 түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.
  • Саат 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Владимирович Тепляшиндин 3 автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда.

Биринчи Май району

  • 26-августта саат 20:00дөн 23:00гө чейин Улуттук тарых музейинин алдында "Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейин" иш-чарасы болот.
  • 27-августта саат 12:00дө Мурас-Ордо" жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда "Ыр-Кесе" ыр сынагын өткөрүү пландалууда.

Свердлов району

  • 30-августта саат 10:00дө "Кара жыгач" сейил багында райондун жашоочулары үчүн концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт.
  • 30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана активисттер үчүн спорттук оюндар өткөрүлөт.
  • 31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда.
  • 31-август саат 11:00дө Эне-Сай конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Октябрь району

  • 31-августта саат 18:00-21:00гө чейин "Ынтымак-2" сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.

Ленин району

  • 31-августта саат 10:00дө Ак-Өргө конушунда, Жолон/Алыкулова көчөлөрүнүн кесилишинде майрамды утурлай балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда. Иш-чара албетте концерттик программа менен коштолот.
  • 31-августта саат 14:00 Ала-Арча конушунда, Сыдыгалы/Шералиева көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган. Автобусту тартуу боюнча рекордду көрсөтүүнү пландап жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8066