Байге фонду 3 миллион сом. Бишкекте эл аралык айтыш өтөт
RU

Байге фонду 3 миллион сом. Бишкекте эл аралык айтыш өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык айтыш өтөт.

Иш-чаранын тандоо туру 22-августта саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында орун алат.

Айтыш 30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт. Башталышы 18:00.

Байге фонду 3 000 000 сом.

Эл аралык айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры, республикалык "Айтыш" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8001