Евразия өкмөттөр аралык кеңеши: Ысык-Көлгө алты өлкөнүн премьер-министри келди
RU

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши: Ысык-Көлгө алты өлкөнүн премьер-министри келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда интеграциялык бирикменин алкагында бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Жыйынга кимдер келгенин тизмектейбиз.

  • Азербайжандын премьер-министри Али Асадов
  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян
  • Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов
  • Россия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин
  • Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко
  • Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов

Конокторду "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн жана байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы, ошондой эле чакырылган мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.

Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, форумдун алкагында бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.

Эскерте кетсек, бул иш-чара менен катарлаш, ушул эле даталарда КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8085