Көрктү бузуп... Белгисиз адамдар Ак Үйдүн алдындагы роза бадалдарын сындырып кетишти
RU

Көрктү бузуп... Белгисиз адамдар Ак Үйдүн алдындагы роза бадалдарын сындырып кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак Үйдүн алдындагы роза гүлүнүн көчөттөрүн белгисиз адамдар сындырып кетишти. Бишкек шаардык мэриясынан учурда тартип бузгандар изделип жатканын кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-августта "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки аймакты кыдыруу учурунда Жогорку Кеңештин имаратынын жанындагы 4 даана роза бадалдар сынганын аныкташкан.

"Бул гүлдөр 2007-жылы отургузулган. Топуракта жакшы бекемделиши үчүн сөңгөгү байланган казыктар үзүлүп кеткендиктен жашыл аянттар атайылап талкаланганы аныкталды. Мындан тышкары тартип бузуучулар 20га жакын сальвияны тебелеп кетишкен", - дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8096