Жапаровдон мектеп салып берүүнү суранган бала президент менен жолукту
RU

Жапаровдон мектеп салып берүүнү суранган бала президент менен жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айылынын кичинекей тургуну, сегиз жаштагы Бекболот Турдушов президент Садыр Жапаров менен жолукту. Мындан мурун, ал айылына эки кабат мектеп салып берүүнү суранган болчу. Бекболоттун президент менен түшкөн сүрөтү Instagram баракчага чыккан.

"Мына! Интернет жылдызына айланган Бекболот Турдушовдун президент Садыр Жапаров менен жолугаар күнү келип, дасторкон үстүндө сүрөткө түшүп баарлашып кетти", - деп президенттин социалдык тармактардагы баракчаларында жазылган.

Эске салсак, февралдын башында, Балбай айылынын мектеп окуучусу инстаграм баракчасына видеокайрылуу жайгаштырып, анда президент Садыр Жапаровдон айылына эки кабат мектеп куруп берүүнү суранат. Видео соцтармактарда абдан популярдуу болуп, элге кеңири жайылып кетет.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/810