Кримтөбөл Дөө Чыңгыздын өлүмүнө 5 адам шектелүүдө
RU

Кримтөбөл Дөө Чыңгыздын өлүмүнө 5 адам шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№21 тергөө изоляторунда киши колдуу каза болгон кримтөбөл Дөө Чыңгыздын өлүмүнө 5 адам шектелүүдө. Свердлов райондук соту шектүүлөрдү 27-августта камакка алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

Маалым болгондой, шектүүлөргө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту жана 16-пункту (Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү) менен айып тагылууда.

Белгилей кетсек, Дөө Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды. Шектүү кылмышты жеке кастыктан улам жасаганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8118