Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшү боюнча акыйкатчы ички иликтөөнү талап кылды
RU

Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшү боюнча акыйкатчы ички иликтөөнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы институту кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун №21 тергөө изоляторунда өлтүрүлгөнү боюнча ички иликтөөнүн жүрүшүн талап кылды. Мекемеден кабарлашкандай, Жазаларды аткаруу кызматына тергөө изоляторундагы окуя тууралуу маалымат берүү суроо-талабы жөнөтүлгөн.

Анда Чыңгыз Жумагулов менен бир камерада башка айыпталуучулар отурганы, Жумагулов бычактан алган жаракатынан улам каза болгону алдын ала маалымдалган. Ал эми тыюу салынган буюм (бычак) кантип соттолучунун колунда болуп калганы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы жана камерада соттун өкүмү күчүнө кире элек соттолгондор отурганы айтылган.

Акыйкатчы институту бардык адамдар мыйзам алдында тең укуктуу, бирдей корголууга укуктуу экенин белгилейт. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту тергөө ишинен сырткары камак жайдагы кызмат адамдар милдеттерин так аткарбай шалаакылык кылган жоопкерчиликсиз мамилесине кызматтык баа берүүсүн, мындай окуялар кайталанбаш үчүн ички иликтөөнүн милдетүү түрдө жүрүшүн талап кылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7974