Мектептерде кандай эрежелер сакталышы керек? Талаптардын тизмеси
RU

Мектептерде кандай эрежелер сакталышы керек? Талаптардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери мектептерде кандай санитардык эрежелерди сактоо керектигин эске салышты. Мекемеден сабактардын узактыгы, эмеректер жана окуучуларга байланыштуу бир катар шарттарды тизмектешти.

Сабактардын узактыгы

  • Сабактар саат 08:00гө чейин ​​башталбайт.
  • Жалпы билим берүү уюмдарында үч нөөмөттө окутууга жол берилбейт.
  • Компенсациялык билим берүү класстарында окуучулардын саны 20 адамдан ашпоого тийиш.
  • Сабактардын узактыгы 40 мүнөттөн ашпоосу зарыл. Кошумча өнүктүрүү сабактары ар бир курактагы окуучу үчүн белгиленген окутуунун максималдуу убактысынан ашпоого тийиш.

Эмеректер

  • Класстарга жараша ар кандай эмеректер колдонулушу мүмкүн: мектеп парталары, окуучулардын үстөлдөрү (бир жана кош), класстык столдор, чийме үстөлдөрү же отургучтар менен толукталган лабораториялык үстөлдөр.
  • Окуучулардын эмеректери балдардын ден соолугуна зыяны жок жана алардын өсүүсүнө, жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген материалдардан жасалууга тийиш.
  • Парталар класстарда номерлер боюнча жайгаштырылат. Угуусу, көрүүсү начар балдар алдыңкы жана доскага жакын парталарга отургузулат.
  • Доскалардын түсү кочкул жашыл, күрөң болуп, борду, чүпүрөктөрдү жана чийме буюмдарын сактоо үчүн кармагычы болушу керек.

Класстардагы тазалык жана жарык

  • Окуу бөлмөлөрү тыныгуу убагында, ал эми эс алуу бөлмөлөрү сабак учурунда желдетилип турат.
  • Бардык класстар табигый жарыктандырылышы керек.
  • Акыркы сабактарга дене тарбия сабагы кирет. Окуучулар таза залда машыгып, ар кандай спорттук көнүгүүлөрдү жасоого тийиш. Дене тарбия сабагынан кийин жазма тапшырмалар, тесттер менен сабактар ​​өткөрүлбөйт.

Биринчи класстын окуучулары

  • Сабактар 5 күндүк болуп, биринчи нөөмөттө гана окутулат.
  • Биринчи жарым жылдыкта "кадамдык" окутуу режимин колдонуу (сентябрь, октябрда – күнүнө үч сабак, ар бири 35 мүнөт, ноябрь, декабрда – ар бири 35 мүнөттөн төрт сабак; январь – май – төрт сабак, 45 мүнөттөн).
  • Окуу күнүнүн ортосунда 40 мүнөттөн кем эмес динамикалык тыныгуу уюштуруу керек;
  • Узартылган сабактарга катышкандар үчүн күндүз уктоо (жок дегенде бир саат), үч маал тамак жана сейилдөө уюштуруу зарыл.

Эске салсак, балдарды мектепке кабыл алуу ден соолугунун абалы, эмдөөлөр жана жугуштуу оорунун жоктугу жөнүндө медициналык документтердин негизинде жүргүзүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8052