iPhone 13 телефонун уурдаган. "Дордойдо" чөнтөкчүлүк кылып жүргөнгө шектүү кармалды
RU

iPhone 13 телефонун уурдаган. "Дордойдо" чөнтөкчүлүк кылып жүргөнгө шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Дордой" базарында уурулук менен алектенип жүргөнгө шектүү кармалды. Ал мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган дешет ИИМдин маалымат кызматынан.

Маалыматка караганда, 13-августта "Дордой" базарында белгисиз адамдар 41 жаштагы аялдын сумкасынан баасы 140 миң сом болгон iPhone 13 телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган. Бул факты боюнча 205-берене менен кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлери видеокамераларды карап чыгып уурулукка тиешелүү жаранды табышкан. Ал Нарын облусунун 1976-жылы туулган М.М. аттуу тургуну экени аныкталды. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган аял уурдалган телефонду арзан баада сатып жиберген. Бул окуя боюнча тергөө иштерин Свердлов РИИБи жүргүзүп жатат", - дешет мекемеден.

Кармалган аял кардарлардын жанына барып, сумкалардан капчыктарды жана баалуу мүлктөрдү уурдап, анан изин жашырып жүргөнүн кошумчалашты маалымат кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8168