"Окуганга уруксат бергиле". Блогер Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды
RU

"Окуганга уруксат бергиле". Блогер Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин жактоочусу Кантемир Турдалиевдин арызы каралды.

Сот залында Жекшеналиев видеонун эски экенин билбегенин, анткени ага жөнөтүлгөн видеонун шилтемеси бир нече саат мурун жарыяланган деп көрсөтүлгөнүн айтты.

"Видео монтаждалган эмес. Мен окушум керек. Апам жалгыз жашайт. Кыш да келе жатат, апам баарын өзү жасабайт да. Мен тынч эле окуумду улантып, эч кимге тоскоолдук кылбайм", - дейт блогер.

Айтымында, сурак маалында Абдил Сегизбаев видео монтаждалганын билдирген. Бирок андай болсо видеонун оригиналын көрсөтсүн дейт.

"Менин ишимде кылмыштын курамы жок, окуганга уруксат бергиле", - деди Жекшеналиев судьяларга.

Андан соң Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевди абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Белгилесек, Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 16-августта 2 айга СИЗОго камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8188