Наам алган Сыймык Бейшекеев: 28 жылдын ичинде өгөй эмес өз болуптурмун
RU

Наам алган Сыймык Бейшекеев: 28 жылдын ичинде өгөй эмес өз болуптурмун

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 2-сентябрда ар тармактын мыктыларына ардак наамдарды ыйгаруу аземи болуп өттү. Эстрада ырчысы Сыймык Бейшекеев Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алып сезимдери, кубанычы менен бөлүштү.

"Бул наамда сиздердин ишенимиңиздер, мага айткан ак тилек, батаңыздар, ата-энемдин акыл кеңеши, тарбиясы, улуу устаттардын таалими, өнөр жолдогу үзөңгүлөштөрдүн үмүтү, деги койчу Ат-Башыдан башталган колдооңуздар Чоң Алай, Лейлекке чейин өз уулундай тосуп узаткан кыргыз элимдин мага алып берген аманаты деп билем. Барыңыздардын куттуктооңуздарды жаным жыргап, көңүлүм куунап окудум. Кирпик нымдап кубандым. Демек, 28 жыл ичинде сиздерге өгөй болбой өз болуптурмун деп шүгүр кылдым. Жаны кыйналып ооруп турган атакеме дагы бул кабар жагымдуу болгонун добушунан сездим. Телефондун ары жагынан апакемдин карааныма кагылып каргылданган үнүнөн кубанычынын көз жашын туйдум. Бул наамды жалпы кыргызымдан алган аванс катары кабылдадым, жараткан өмүр берсе жарпыңыздарды жазаар жакшы чыгармаларды жаратаарбыз, баарыңыздарга алкышка жуурулган ыраазычылыгымды узатам", - деп билдирүү калтырды.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө карата социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн бир катар инсандарды сыйлоо жарлыгына Садыр Жапаров кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8190