Сыймык Бейшекеев, Алтынай Нарбаева, Мурат Мамбетов... Эл артисти наамын алган белгилүүлөр
RU

Сыймык Бейшекеев, Алтынай Нарбаева, Мурат Мамбетов... Эл артисти наамын алган белгилүүлөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамы менен:

Сыймыкбек Бейшекеев - эстрада ырчысы, "Сыймык" чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти;

Мурат Мамбетов - актёр, режиссёр, "Кыргызстан театр ишмерлери союзу" коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Алтынай Нарбаева - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы "Ысык-Ата-Арашан" элдик-фольклордук ансамблинин солисти;

Назаркул Сейдракманов - Кыргыз улуттук "Манас" театрынын артисти, манасчы;

Чырмаш Төрөбеков - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти сыйланышты.

Аты аталгандар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу сыйланышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8164