Аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүлөт
RU

Аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскер бөлүктөрүндөгү аскерлердин өлүмү, алардын ур-токмокко алынышы жана белгисиз себептерден улам психо-неврологиялык борборлорго түшүп калганына байланыштуу мониторинг жүргүзүлөт. Текшерүүнү ведомстволор аралык жумушчу топ жүргүзөрүн Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Жумушчу топтун алдына:

  • Акыркы 5 жылдын ичиндеги аскерлердин өлүмү, өзүн-өзү өлтүрүү, уруп-сабоо боюнча фактыларды топтоп, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү;
  • Аскер бөлүктөргө барып, жеринен мониторинг жүргүзүп, аскер кызматкерлери алардын ата-энелери менен сүйлөшүү жана сурамжылоолорду өткөрүү;
  • Аскерлердин суицидге алып келген көйгөй/себептер жана аскердик бөлүктө "дедовщинаны" алдын алуу, кыйноолорду болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;
  • Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана практиканы изилдеп, биздин укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ж.б. тапшырмалар жана максаттар коюлган.

"Бүгүн, 5-сентярбдан тарта жумушчу топ республика боюнча аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Алар аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалыматтарды чогултуп, жоокерлер, аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт", - дешти мекемеден.

Эске салсак, жумушчу топтун курамында Акыйкатчы институтунун, Башкы Прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле "Аскер кызматчыларынын энелери республикалык комитети", "Жарандык Союз" коомдук бирикмелеринин, "Кыйноолорго каршы коалиция" уюмунун, "Кылым шамы" коомдук фондунун кызматкерлери бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8210