Жалал-Абадда атасына таарынган жигит өзүн-өзү атты
RU

Жалал-Абадда атасына таарынган жигит өзүн-өзү атты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда атасы менен уруша кеткен 27 жаштагы жигит өзүн-өзү атты. Ал оор жаракат алып ооруканада жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, окуя 31-августта саат 11:00 чамасында болгон.

Анда Кара-Көл шаарынын 1973-жылы туулган М.К. аттуу тургуну 27 жаштагы баласын "эмне себептен спирт ичимдигин ичип алдың?" деп урушуп, сыртка чыгып кеткен. Бул учурда жигит атасынын сейфинде сакталып турган (мыйзамдуу) ок атуучу куралды алып, ээгинин асты жагынан өзүнө-өзү ок аткан. Анын кесепетинен жигит оор жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты боюнча жигиттин атасы эч кимге доо-арызы жоктугун билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан.

Топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестиринин катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Ок атуучу куралга, колдонулган окко жана патронго каратта соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды. Ошондой эле өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып жигиттин жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза белгиленди.

Текшерүү учурунда баланын атасы 31-августка караган суткада өзү иштеген жумушунда кезметте болуп, саат 10:30 чамаларында үйүнө ремонт жасоо үчүн буюмдарды алып барган. Жүктөрдү ташууга жардам берип кой деп уулун издеп уктоочу бөлмөсүнө кирген учурда ал мас абалда жаткандыгын көргөн. Жигиттин атасы "эмне үчүн спирт ичимдигин ичип алдың" деп урушуп, буюумдарды өзү түшүрүп, үйгө кирип жаткан учурда уулу өзүн-өзү атып алган. Атасы дароо "Тез жардам" кызматын чакырган. Учурда текшерүү иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8263