Тик-Токтон көргөнүн кылам деп үйүн жардырып алган
RU

Тик-Токтон көргөнүн кылам деп үйүн жардырып алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын борбор шаарынын тургуну социалдык тармактан көргөн тамакты жасайм деп, өз үйүн жардырып жиберген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Москвалык жаран ашканасында Тик-Токтон көргөн көргөнүн кайталоого аракет кылган. Ал сэндвич жасоо үчүн сырды газдын оту менен эритмекчи болгон. Бирок социалдык тармактан көргөн нерсе кооптуу болгон. Аны жасоо учурунда газ балон күйүп кеткен.

Ал газ балонду ваннага ыргытып жибергенде атылып кетип бөлмөнүн терезесин алып кеткен. Бактыга жараша жаран жубайы менен аман калган.

Полиция окуя боюнча тергөө иштерин баштаганы айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8279