Ысык-Көлдө жол кырсыктан беш адам каза болду
RU

Ысык-Көлдө жол кырсыктан беш адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан беш адам каза болуп, төрт адам жабыркаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 11-сентябрда Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 196-чакырымында "Фольксваген Пассат", "Хонда Аккорд" жана "Субару" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган К.Б., 1994-жылы туулган М.А., 1992-жылы туулган Д.Ч., 2008-жылы туулган Д.С., 2021-жылы туулган К.Н. каза болгон.

Мындан тышкары 1986-жылы туулган О.Р., 1992-жылы туулган К.Б.уулу, 1983-жылы туулган К.Т., 2017-жылы туулган К.А. жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөгүн унаалардан алып чыгышкан.

Жабыркагандар Түп аймактык ооруканасына жаткырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8311