Тез уктоонун жолдору. Америкалык аскерлер колдонот
RU

Тез уктоонун жолдору. Америкалык аскерлер колдонот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

TengriLifestyle журналы уктоонун америкалык аскерлер колдонгон ыкмасын жазып чыкты. Бул ыкма Бад Винтердин "Эс ал жана жең" китебинде сүрөттөлгөн. Дүйнөдөгү эң чоң спринт машыктыруучуларынын бири муну кантип жасоону түшүндүрүп берген:

  • Алгач эс алуу жана дененин ар бир бөлүгүнүн системалуу өчүрүлүшүнө басым жасоо керек - баштан бутка чейин.

  • Көкүрөк, курсак, жамбаш жана буттарыңызды бошотуп, бир нече жолу терең дем алыңыз. Башыңыздан бутуңуздун учуна чейин денеңизди майда кылтырак басканын элестетиңиз.

  • Андан соң мээни тынчсызданткан ойлордон тазаланышыңыз керек. Тынч көлдүн ортосунда термелген кайыкта жатканыңызды же караңгы бөлмөдө жатканыңызды элестетиңиз;

  • Эгер күтүлбөгөн жерден ойлоруңуз кайыктан же бөлмөнүн чегинен чыга баштаса, анда сиз 10 секунд бою акыл-эсиңизге: "ойлонбо, ойлонбо, ойлонбо, ойлонбо" деп айтышыңыз керек.

Бул эрежелерди 6 жума бою ар түнү бул ыкманы колдонсоңуз, көзүңүздү жумуп эле бир мүнөттө уктай турган болуп каласыз. Эгерде бул ыкма сиз үчүн иштебей жатса, анда ал жатар алдында эс алуу жана ойлорду тазалоо үчүн жагымдуу медитация керек болушу мүмкүн.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8320