Журат Абдуллаевдин 800 миллион сомдон ашык акчасы мамлекеттик казынага чегерилди
RU

Журат Абдуллаевдин 800 миллион сомдон ашык акчасы мамлекеттик казынага чегерилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК жеке ишкер Журат Абдуллаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында республиканын бюджетине 800 миллион сомдон ашык акча каражат чегерилгенин маалымдайт. Буга чейин ага карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизанын корутундусу жеке ишкерге карата 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча коюлган айыпты тастыктады. Ошол эле учурда тергөөнүн жүрүшүндө ишкердин демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөн. Тергөө амалдары аяктап, иш материалдары Биринчи Май райондук сотуна андан ары кароо үчүн өткөрүлдү. 12-сентябрда райондук соттун өкүмү менен Журат Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, жаза катары 100 миң сом айып пул төлөмөй болду.

Аталган иштин алкагында ишкер улуттук жана чет элдик валютадагы жалпы суммасы 800 миллион сомдон ашык акча каражаттардын келип чыгышын тастыктай алган эмес жана андан ар кандай курал-жарактар, ок-дарылар жана согуштук техникалар алынган.

Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык куралдары жана техникалар Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 миллион сомдон ашык акча каражаты толугу менен республикалык бюджетке чегерилгенин билдиришти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8343