Тенгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин абакта болот
RU

Тенгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин абакта болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүктү кармаган. Бишкектин Октябрь райондук соту Теңиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна калтырды.

Анын кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.

Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызматкерлеринин коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.

Белгилей кетсек, Теңиз Бөлтүрүктөн тышкары Камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8389