Баткенде кайрадан ок атышуу башталды. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланууда
RU

Баткенде кайрадан ок атышуу башталды. Бир нече айылдын тургундары эвакуацияланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде кайрадан ок атышуу орун алды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, учурда Кыргыз-Тажик чек ара тилкелериндеги абал чыңалып турат.

  • Саат 06:00дө тажик тарап УКМКнын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар, Орто-Боз аймактарындагы кыргыз тараптын позицияларын топтук куралдар менен аткылашты.
  • Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн миномёттон аткылай баштады.
  • Саат 08:15те Лейлек районунун Кулунду, Достук, Жаңы-Жер, Сада-1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарында да тажик чек арачылары тарабынан ок атышуу башталды. Ок атышуу токтой элек. Учурда аталган аймактан да тургундарын эвакуациялоо иштери башталды

Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө. Кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүлүп жатат дешти Чек ара кызматынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8398